438-берене. Салыктык база


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

XIV БӨЛҮМ. АТАЙЫН САЛЫК РЕЖИМДЕРИ›60-глава. Майнингге салык

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 438-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, майнингге салык салуунун базасы болуп КНС жана сатуудан алынуучу салыкты кошуп алганда, майнингде керектелген электр энергиясы үчүн эсептелген суммалар саналат.

Менчик электр энергиясын колдонууда керектелген электр энергиясынын көлөмүнүн майнинг үчүн электр энергиясына белгиленген тарифке көбөйтүлгөн суммасы сумма салык салуу базасы болуп саналат.