434-берене. Жогорку технологиялар паркынын субъекттерине салык салуунун өзгөчөлүктөрү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

XIV БӨЛҮМ. АТАЙЫН САЛЫК РЕЖИМДЕРИ›59-глава. Жогорку технологиялар паркындагы салык режими

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 434-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, ушул Кодекстин 432-беренесинин талаптарына жооп берген Жогорку технологиялар паркынын резидентинин иши Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу мөөнөткө төмөнкү салыктарды төлөөдөн бошотулат:

1) пайдага салыктан;

2) сатуудан алынуучу салыктан;

3) салык салынуучу берүүлөргө КНС.

Жогорку технологиялар паркынын резидентине салык салууну колдонуу мөөнөтү ушул главага ылайык Жогорку технологиялар паркынын режиминин колдонулуу мөөнөтүнөн кандай болгон учурда да ашпоого тийиш.

2. Жогорку технологиялар паркынын резиденти ушул Кодекске ылайык ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн салыктарды төлөөгө милдеттүү.

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Жогорку технологиялар паркынын резиденти статусунан ажыратууда ушул статустан ажыратылган учурдан баштап ушул Кодекске ылайк жалпы негизинде салык салуу жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)