424-берене. Салыктык мезгил


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

XIV БӨЛҮМ. АТАЙЫН САЛЫК РЕЖИМДЕРИ›57-глава. Бирдиктүү салыктын негизинде салык төлөөчүлөргө салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 424-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

Салыктык мезгил болуп төмөнкүлөр саналат:

1) лотереялык иштин орто жана ири ишкердик субъекттерин, ошондой эле ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъекттерди кошпогондо, субъекттер үчүн -бир квартал, анын ичинде жаңыдан түзүлгөн салык төлөөчүлөр үчүн;

2) лотереялык иштин орто жана ири ишкердиктин субъекттери, ошондой эле ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъекттер үчүн - бир календардык ай.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамы менен берилген Кодекстин 424-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр, 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.