422-1-берене. Салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
XIV БӨЛҮМ. АТАЙЫН САЛЫК РЕЖИМДЕРИ›57-глава. Бирдиктүү салыктын негизинде салык төлөөчүлөргө салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 422-1-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Эгер ушул беренеде башкача каралбаса, салык милдеттенмеси салык төлөөчү тарабынан колдонулуучу салыктык эсепке алуу усулуна ылайык товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн каражатты таануу датасында жана/же ушул Кодекстин 422-беренесинде каралган кирешенин келип чыгуу датасында пайда болот.
2. Кайрадан курулган турак жана турак эмес жайларды сатуу боюнча иш үчүн салык милдеттенмесинин пайда болуу датасы болуп эсеп-фактурада көрсөтүлгөн берүү датасы, контролдук-кассалык чек чыгарылган дата же бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша төлөм алынган дата эсептелет.
(КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)