414-берене. Салыктын суммасын аныктоо тартиби


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

XIV БӨЛҮМ. АТАЙЫН САЛЫК РЕЖИМДЕРИ›56-глава. Патенттин негизиндеги салык

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 414-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизиндеги салыктын базалык суммасы ыйгарым укуктуу салык органынын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

2. Ыйгарым укуктуу салык органы салыктын базалык суммасынын чегинде салыктын суммасын соода аянтына, иштин сезондуулугуна, кирешелүүлүгүнө, түрүнө жана жүргүзүү ордуна жараша түзөтүүгө укуктуу.

3. Ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан учурларды кошпогондо, салыктын базалык суммасын эсептөө жана аныктоо жана аны түзөтүү хронометраждык иликтөөлөрдүн, ошондой эле салык кызматынын органдарында болгон маалыматтын негизинде же ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт.

4. Эгерде салык төлөөчү иштин эки же андан ашык түрүн айкалыштырса, анда патент экономикалык иштин ар бир түрүнө өзүнчө алынат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)