398-берене. Турак эмес мүлк объектине салык төлөө мөөнөтү
11.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Жаңыртылды: 06.11.2026
XIII БӨЛҮМ. МҮЛК САЛЫГЫ›51-глава. Турак жай эмес мүлк объекттерине салыкты эсептөө, төлөө мөөнөтү
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 398-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Турак эмес мүлк объектине салык ар квартал сайын учурдагы кварталдын үчүнчү айынын 20сынан кечиктирилбестен учурдагы салык мезгилинин ичинде бирдей үлүштөр менен төлөнөт.
2. Төлөнүүгө тийиш болгон салыктын жылдык суммасын салык төлөөчү салык төлөө боюнча милдеттенме келип чыккан кварталдын үчүнчү айынын 20сынан кечиктирбестен толугу менен төлөй алат.
(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)