388-берене. Турак жай мүлк объектине салык төлөө мөөнөтү
11.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Жаңыртылды: 06.11.2026
XIII БӨЛҮМ. МҮЛК САЛЫГЫ›50-глава. Турак жай мүлк объекттерине салыкты эсептөө, төлөө мөөнөтү
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
Турак жай мүлк объектине салык учурдагы салык мезгилинин 1-сентябрынан кечиктирбестен төлөнөт.
Эгерде турак жай мүлк объектине салык төлөө боюнча милдеттенме учурдагы салык мезгилинин 1-сентябрынан тартып аягына чейинки мезгилде келип чыкса, салык милдеттенмеси келип чыккан айдан кийинки айдын биринен кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)