383-1-берене. Отчет берүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

XIII БӨЛҮМ. МҮЛК САЛЫГЫ›49-глава. Эсептөө тартиби, салык милдеттенмесинин датасы, төлөөнүн орду жана мүлк салыгы боюнча отчетту берүү

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 383-1-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Мүлк салыгын төлөөчү мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган же салык салуудан бошотулган субъектке таандык (пайдалануусунда турган), пайдаланууга (ижарага) берилген турак жай эмес мүлк объектине карата учурдагы салык мезгили үчүн маалыматтык эсепти учурдагы салык мезгилинин 1-мартынан кечиктирбестен берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде ушул беренеде белгиленген турак жай эмес мүлк объектине салык төлөө боюнча милдеттенме учурдагы салык мезгилинин 1-мартынан тартып аягына чейинки мезгилде келип чыкса, салыктын суммасын эсептөө жөнүндө маалыматтык эсеп учурдагы салык мезгилинин тиешелүү кварталынын үчүнчү айынын 20сынан кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.

3. Маалыматтык эсептин формасы жана аны толтуруу жана берүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

4. Министрлер Кабинети ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде отчет берүүнүн башка тартибин аныктай алат.

(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамынын редакциясына ылайык)