380-берене. Мүлк салыгын эсептөө үчүн формула
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
XIII БӨЛҮМ. МҮЛК САЛЫГЫ›48-глава. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 380-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Мүлк салыгынын суммасын эсептөө төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) турак жай мүлк объектине салыктын суммасын эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:
С = (СБт х ССт х Ки) + (СБжу х ССжу х Ки),
мында:
С - турак жай мүлк объектине салыктын суммасы;
СБт - турак жай имаратынын, жайдын салыктык базасы;
ССт - турак жай имаратына, жайга салыктын ставкасы;
СБжу - үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогунун салыктык базасы;
ССжу - үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогуна салыктын ставкасы;
Ки - турак жай мүлк объектине салыкты эсептөөдө учурдагы салык мезгилинде колдонулуучу инфляция коэффициенти, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан мурунку салык мезгилинин 1-октябрынан кечиктирбестен мурунку жыл үчүн улуттук статистиканын расмий маалыматтарынын негизинде бекитилет.
Эгерде учурдагы салык мезгилине инфляция коэффициенти белгиленбесе, ал мурунку салык мезгилинде колдонулган коэффициентке барабар деп кабыл алынат;
2) турак жай эмес мүлк объектине салыктын суммасын эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:
С = (СБтэ х ССтэ х Кни х Ки) + (СБжу х ССжу х Кнжу х Ки),
мында:
С - турак жай эмес мүлк объектине салыктын суммасы;
СБтэ - турак жай эмес имараттын, жайдын, курулманын салыктык базасы;
ССтэ - турак жай эмес имаратка, жайга, курулмага салыктын ставкасы;
Ктэ - турак жай эмес имараттын, жайдын, курулманын функциялык багыттагы коэффициенти;
СБжу - калктуу конуштардын жана айыл чарба эмес багытындагы жерлердин салыктык базасы;
ССжу - калктуу конуштардын жана айыл чарба эмес багытындагы жерлердин салыгынын ставкасы;
Кнжу - калктуу конуштардын жана айыл чарба эмес багытындагы жерлердин функциялык багыттагы коэффициенти;
Ки - турак жай эмес мүлк объектине салыкты эсептөөдө учурдагы салык мезгилинде колдонулуучу инфляция коэффициенти, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан мурунку салык мезгилинин 1-октябрынан кечиктирбестен мурунку жыл үчүн улуттук статистиканын расмий маалыматтарынын негизинде бекитилет.
Эгерде учурдагы салык мезгилине инфляция коэффициенти белгиленбесе, ал мурунку салык мезгилинде колдонулган коэффициентке барабар деп кабыл алынат;
3) айып чарба жерлерине таандык болгон жер участогуна салыктын суммасын эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:
С = СБ х СН х СС,
мында:
С - айып чарба жерлерине таандык жер участогуна салыктын суммасы;
СБ - айыл чарба жерлерине таандык жер участогунун салыктык базасы;
СН - айыл чарба жерлерине таандык жер участогунун бир чарчы метрине салык наркы;
СС - айыл чарба жерлерине таандык жер участогуна салыктын ставкасы.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)