38-берене. Салыктарды белгилөөнүн жалпы шарттары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›2-глава. Кыргыз Республикасынын салык тутуму

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 38-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Ушул Кодексте салык төлөөчүлөр жана салык салуу элементтери аныкталган учурда гана салык белгиленди деп эсептелет, тактап айтканда:

1) салык салуу объекти;

2) салык базасы;

3) салык ставкасы;

4) салык мезгили;

5) салыкты эсептөө тартиби;

6) салыкты төлөө тартиби;

7) салыкты төлөө мөөнөтү.

2. Салыктык жеңилдиктер ушул Кодексте каралган учурларда колдонулат.