371-берене. Салыкты төлөө жана салык отчетун берүү мөөнөтү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
XII БӨЛҮМ. САТУУДАН АЛЫНУУЧУ САЛЫК›47-глава. Сатуудан алынуучу салыкты эсептөө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 371-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык төлөөчү тарабынан сатуудан алынуучу салык эсептик катталган жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен ай сайын төлөнөт.
2. Сатуудан алынуучу салык салык төлөөчү болуп саналган чакан ишкердиктин субъекти, анын ичинде жаңы түзүлгөн салык төлөөчүлөр тарабынан эсептик катталган жери боюнча отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен квартал сайын төлөнөт.
3. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса сатуудан алынуучу салыктан бошотулган салык төлөөчүнү кошпогондо,, салык төлөөчү тарабынан салык отчету эсептик катталган жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен ай сайын берилет.
4. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулган субъектти кошпогондо, чакан ишкердик субъекти тарабынан салык отчеттуулугу эсептик каттоо орду боюнча квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен, анын ичинде кайрадан түзүлгөн салык төлөөчүлөр үчүн берилет.
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамы менен берилген берененин 4-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр, 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
5. Эсептик каттоо жок болгон учурда сатуудан алынуучу салык учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча төлөнөт.
(КР 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, 371-статьянын, тыныш белгиси “,” кайталанган.