365-1-берене. Агент тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүдө салык салынуучу объект
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
XII БӨЛҮМ. САТУУДАН АЛЫНУУЧУ САЛЫК›47-глава. Сатуудан алынуучу салыкты эсептөө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 365-1-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Агент тарабынан Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн - принципиалдын атынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүү деп принципиал жүзөгө ашыруучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүү таанылат.
2. Төмөнкүлөрдүн тапшырмасы боюнча агент тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүү:
1) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн - принципалдын, эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, агент тарабынан өзүнүн атынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүү агенттин сатуусу болуп таанылат.
2) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрү болуп саналбаган чет өлкөлүк уюмдун же резидент эмес жеке жактын - принципалдын, агент тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүү деп таанылат;
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)