359-берене. Роялтинин ставкасы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

XI БӨЛҮМ. ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ ҮЧҮН САЛЫКТАР›45-глава. Роялти

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 359-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Суу менен камсыз кылуучу адистештирилген уюмдарды кошпогондо, роялтинин ставкасы накталай түрдө алынуучу суунун көлөмүнө жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

Пайдалуу кендер Өлчөө бирдиги (салыктык база) Ставка (пайыз же сом менен)

Ичүүчү суу катары куюштуруу үчүн минералдык жана тузсуз суулар куб.м 200 сом

Дартты дарылоо үчүн минералдык жана термалдык суулар куб.м 0,05 сом

Жылытуу үчүн термалдык суулар куб.м 0,12 сом

Ичүүчү тузсуз суулар куб.м 0,15 сом

Техникалык тузсуз суулар куб.м 0,10 сом

Айыл чарба өндүрүшү үчүн тузсуз суулар куб.м 0,01 сом

2. Роялтинин ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:

1) алтын, күмүш жана платина, ошондой эле металл камтылган кендер жана алтындын, күмүштүн жана платинанын концентраттары үчүн - 5 пайыз;

2) алтынды, күмүштү жана платинаны кошпогондо, металлдар, металл камтылган кендер жана металлдардын концентраттары үчүн - 3 пайыз;

3) суу менен камсыз кылуучу адистештирилген уюмдар үчүн - 5 пайыз;

4) гипске - 6 пайыз;

5) бетин каптоочу материалдарды өндүрүү үчүн табигый таштарга - 12 пайыз;

6) таш көмүргө, күрөң көмүргө - 1 пайыз.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралбаган пайдалуу кендерге роялтинин ставкасы ушул Кодекстин 358-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык эсептелген салык базасынан 3 пайыз өлчөмүндө белгиленет.