356-берене. Роялти салыгын төлөөчү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
XI БӨЛҮМ. ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ ҮЧҮН САЛЫКТАР›45-глава. Роялти
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 356-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
Төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруучу, ата мекендик уюм, Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме аркылуу ишти жүзөгө ашырган чет өлкөлүк уюм, жеке ишкер роялти салыгын төлөөчү болуп саналат:
1) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүнү;
2) жер астындагы сууларды алууну (жер алдынан чыгарууну);
3) көмүркычкылтеги чыккан жерлерди издөөдө жана чалгындоодо тажрыйбалык сыноолор процессинде мунайды жана газды кошумча түрдө алууну;
4) тажрыйбалык-өнөр жайлык сыноо жана/же өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу же жоюу максатында пайдалуу кендерди бир жолу казып алууну.
5) жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болгон мезгилде казылып алынган пайдалуу кендердин калдыктарын сатууну.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)