348-берене. Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктардын түрлөрү
11.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Жаңыртылды: 06.11.2026
XI БӨЛҮМ. ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ ҮЧҮН САЛЫКТАР›43-глава. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 348-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктар төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) бонустарды - пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бир жолку төлөмдөр;
2) роялтини - пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жана/же жер астындагы сууларды алуу (жер алдынан чыгаруу) максатында жер казынасын пайдалануу үчүн күнүмдүк төлөмдөр.