341-берене. Атайын эрежелер
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
X БӨЛҮМ. АКЦИЗ САЛЫГЫ›42-глава. Салык салуунун өзгөчөлүктөрү
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 341-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Ушул Кодекстин 342-беренеси иштетип алма чийки заттан жасалган жана экспортко жиберилүүгө тийиш болгон акциздик товарга карата колдонулат.
2. Иштетип алма чийки заттан акциздик товар өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим же контракт түзүлгөн күндөн тартып 3 күндүн ичинде учурдагы салыктык эсепке алуу жериндеги салык органына тиешелүү келишимдин же контракттын көчүрмөсүн тиркөө менен билдирүүгө;
2) учурдагы салыктык эсепке алуу жериндеги салык органынын депозиттик эсебине көрсөтүлгөн келишимдин же контракттын шарттары боюнча өндүрүлүүгө тийиш болгон акциздик товарлардын көлөмүнө эсептелген акциздин (депозиттин) суммасын даяр акциздик товар иштетип алма чийки заттын менчик ээсине жана/же иштетип алма чийки заттын менчик ээсинин тапшырмасы боюнча экспортко жөнөтүлгөнгө чейин төгүүгө.
3. Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин аймагына ташылып келинген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймактарынан ташылып келүүчү акциздик болуп саналган иштетип алма чийки затты кайра иштетүүнүн мөөнөтү иштетип алма чийки затты кайра иштетүүгө түзүлгөн келишимдин (макулдашуунун) шарттарына ылайык аныкталат жана иштетип алма чийки затты эсепке жана/же жөнөтүүгө кабыл алган датадан тартып эки жылдан ашпайт.