319-берене. Салык отчетун берүүнүн жана КНС төлөөнүн мөөнөтү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
IX БӨЛҮМ. КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫ›40-глава. Салыктык мезгил. КНС эсептөөнүн, төлөөнүн жана ордун толтуруунун тартиби
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 319-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. КНС боюнча салык отчету учурдагы салыкты эсепке алуу орду боюнча салык органына төмөнкү тартипте берилет:
1) ыйгарым укуктуу салык органынын функциялык бөлүмү тарабынан тескелбеген КНС төлөөчү же салык агенти тарабынан - отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 25инен кечиктирилбестен;
2) ыйгарым укуктуу салык органынын функциялык бөлүмү тарабынан тескелген КНС төлөөчү же салык агенти тарабынан - отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын акыркы күнүнөн кечиктирилбестен.
2. КНС отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 25инен кечиктирилбестен төлөнөт.
3. Эгерде салык агенти ушул бөлүмдө каралган салык милдеттенмесин кармап калбаса же толугу менен кармап калбаса, анда бул салык милдеттенмесин аткаруу жана ушул Кодекске ылайык аны аткарбоо жоопкерчилиги салык агентине жүктөлөт.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)