312-берене. Эркин кампалардын аймагынан товарларды ташып чыгууда КНС төлөөнүн өзгөчөлүктөрү
11.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Жаңыртылды: 06.11.2026
IX БӨЛҮМ. КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫ›39-глава. Салыктык база
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 312-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. ЕАЭБ товарларын эркин кампанын аймагынан Кыргыз Республикасынын калган аймагына ташып чыгууда, анын ичинде ушул товарларды эркин кампалардын ээлери болуп саналбаган жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда импортко КНС салынат.
2. Эркин кампанын аймагы аркылуу товарларды ташууда КНС башкаруу ЕАЭБ мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.