310-берене. ЕАЭБ мүчөлөрү болуп саналбаган мамлекеттерден ташып келинген товарлардын импортуна салык салуу наркы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

IX БӨЛҮМ. КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫ›39-глава. Салыктык база

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 310-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

ЕАЭБ мүчөлөрү болуп саналбаган мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын салык салуу наркы болуп, КНС кошпогондо, бул товарларды импорттоодо төлөнүүгө тийиш болгон алардын бажылык наркынын, бажылык алымдардын жана салыктардын суммасы саналат.

Ушул Кодекстин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюм тарабынан жеке жактар тарабынан сатып алынган товарлар менен электрондук соода жүргүзүлгөндө кошумча нарк салыгы сатып алынган товарлардын наркынан эсептелет жана төлөнөт жана эсепке алынууга тийиш эмес.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)