304-берене. Эл аралык ташуулар


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

IX БӨЛҮМ. КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫ›38-глава. Бошотулган берүүлөр жана КНС нөлдүк ставкасы менен берүүлөр

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 304-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Жүргүнчүлөрдү, кол жүктү жана жүктү эл аралык ташуулар, темир жол транспорту менен ташууларды кошпогондо, КНС нөлдүк ставка менен берүү болуп саналат.

2. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Эл аралык ташууну ырастоочу документтердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)