298-берене. Импорттолуучу асыл тукум айыл чарба жаныбарларын жана үрөндүк материалдарды, минералдык жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттарын КНС бошотуу
11.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Жаңыртылды: 06.11.2026
IX БӨЛҮМ. КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫ›38-глава. Бошотулган берүүлөр жана КНС нөлдүк ставкасы менен берүүлөр
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 298-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу айыл чарба асыл тукум малдар жана үрөндүк материалдар, минералдык жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттары 2030-жылдын 1-январына чейин КНС төлөөдөн бошотулат.
2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн товарларды импорттоо Министрлер Кабинети тарабынан ТЭИ ТН ылайык бекитилүүчү тизмек боюнча КНС төлөөдөн бошотулат.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)