29-берене. Обочолонгон бөлүм
11.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Жаңыртылды: 06.11.2026
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›1-глава. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
Уюмдун, жеке ишкердин, чет өлкөлүк уюмдун туруктуу мекемесинин обочолонгон бөлүмү болуп жыйынды түрүндө төмөнкүдөй шарттарга жооп берүүчү бөлүм саналат:
1) ишкердик ишти жүзөгө ашырган;
2) негизги башкаруу жеринен аймактык жана мүлктүк обочолонууга ээ;
3) уюм же жеке ишкер менен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жөнгө салынуучу мамилелер менен байланышкан персоналга ээ.