284-берене. Энергия жана ресурстук натыйжалуулук талаптарына жооп берүүчү технологияларды, жабдууларды жана анын комплекттөөчүлөрүн берүү
11.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Жаңыртылды: 06.11.2026
IX БӨЛҮМ. КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫ›38-глава. Бошотулган берүүлөр жана КНС нөлдүк ставкасы менен берүүлөр
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 284-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу энергия жана ресурстук натыйжалуулук талаптарына жооп берүүчү технологияларды, жабдууларды жана анын комплекттөөчүлөрүн берүү 2031-жылдын 1-январына чейин КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн технологиялардын, жабдуулардын жана анын комплекттөөчүлөрүнүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)