266-берене. Айыл чарба продукциясын жана анын кайра иштетилген продуктуларын берүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

IX БӨЛҮМ. КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫ›38-глава. Бошотулган берүүлөр жана КНС нөлдүк ставкасы менен берүүлөр

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 266-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбору тарабынан айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн, айыл чарба даярдоочуларынан жана айыл чарба кооперативдеринен алынган айыл чарба продукциясын жана анын кайра иштетилген продуктуларын берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.

2. Салык төлөөчү тарабынан айыл чарба канаттуулары жана балыктары үчүн өндүрүлгөн тоюттарды айыл чарба канаттууларын жана балыктарды өстүрүү боюнча иш жүргүзгөн айыл чарба өндүрүүчүсүнүн дарегине берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.

(КР 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)