262-берене. Товарларды берүү орду


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

IX БӨЛҮМ. КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫ›37-глава. Салык салуу объекти

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 262-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

Эгерде ушул бөлүмдө башкача каралбаса, товарларды берүү орду болуп берүүчү товарды өткөрүп берген орун же берүү ташууну камтыса, анда товарды берүү орду болуп ташуу башталган учурда товар жайгашкан орун саналат.

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин бир салык төлөөчүсү тарабынан ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин экинчи салык төлөөчүсүнө товарды берүүдө, товарларды ташуу (транспорттоо) ЕАЭБ аймагынан тышкары башталып жана ЕАЭБ мүчө башка мамлекетте аяктаганда, товарды берүү орду болуп товар ички пайдалануу үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна коюлган аймак ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин аймагы таанылат.