25-берене. Уюм
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›1-глава. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 25-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
Ушул Кодекстин максаттарында уюм деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жак (мындан ары - ата мекендик уюм);
2) уюштуруучу өлкөнүн мыйзамдарына ылайык түзүлгөн корпорация, компания, фирма, фонд, мекеме же башка түзүлүш же эл аралык уюм (мындан ары - чет өлкөлүк уюм). Эл аралык уюм болуп эл аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн эл аралык укук субъекти саналат;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк уюмдун филиалы, өкүлчүлүгү.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)