246-берене. Ата мекендик уюмдардын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары алган кирешелерине салык салуунун өзгөчөлүктөрү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

VIII БӨЛҮМ. ПАЙДАГА САЛЫК›34-глава. Ата мекендик уюмдардын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары алган кирешелерине жана чет өлкөлүк уюмдардын Кыргыз Республикасында же Кыргыз Республикасындагы булактардан алган кирешелерине салык салуунун өзгөчөлүктөрү

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 246-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Эгерде мындай кирешенин суммасы Макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салынууга жатса, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортосунда кош салык салууну четтетүү жөнүндө макулдашуу бар болсо, ата мекендик уюмдар тарабынан чет мамлекеттерде төлөнгөн салыктын суммасы кириштелет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган кириштөө суммасынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан ставка боюнча төлөнгөн салыктын суммасынан ашпоого тийиш.

3. Чет мамлекетте төлөнгөн пайда салыгынын суммасын кириштөө тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.