235-берене. Салыктардын суммасын эсептен чыгаруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
VIII БӨЛҮМ. ПАЙДАГА САЛЫК›30-глава. Жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууга тийиш болгон чыгымдар
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 235-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
Эгерде ушул бөлүмдө башкасы каралбаса, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктарды жана башка төлөмдөрдү эсептен чыгарууга байланыштуу төмөнкү чыгымдардын суммасы эсептен чыгарылууга тийиш:
1) эсепке алынууга жатпаган сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС суммасы;
2) эсепке алынууга жатпаган, акциз салыгынын суммасы;
3) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда берүүчүгө төлөнө турган сатуудан алынуучу салыктын суммасы;
4) КНС боюнча каттоону жокко чыгарууда материалдык эмес активдер менен негизги каражаттардын, товардык-материалдык запастардын калдыктарына эсептелген КНС боюнча салык төлөөчүнүн чыгымдары;
5) мүлк салыгы;
6) жер казынасын пайдалануу үчүн салыктар.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)