209-берене. Салык салуу объекти


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

VIII БӨЛҮМ. ПАЙДАГА САЛЫК›28-глава. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 209-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

Пайдага салык салуу объекти болуп төмөнкүлөрдүн натыйжасында киреше алынган экономикалык ишти жүзөгө ашыруу саналат:

1) Кыргыз Республикасындагы булактан жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен сырттагы булактан - ата мекендик уюм же жеке ишкер аркылуу;

2) Кыргыз Республикасындагы булактан - Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме аркылуу өз ишин жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк уюм аркылуу же каттоого алынган резидент эмес-жеке жак аркылуу, же катталууга милдеттүү жеке ишкер аркылуу;

3) Кыргыз Республикасындагы булактан - Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзбөй туруп өз ишин жүзөгө ашыруучу чет элдик уюм аркылуу.