207-берене. Пайда салыгын төлөөчү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
VIII БӨЛҮМ. ПАЙДАГА САЛЫК›28-глава. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 207-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Пайда салыгын төлөөчү (мындан ары ушул бөлүмдө - салык төлөөчү) болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ата мекендик уюм;
2) Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме аркылуу иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюм;
3) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана Кыргыз Республикасындагы булактардан киреше алуучу чет өлкөлүк уюм;
4) жеке ишкер;
5) Кыргыз Республикасындагы булактан киреше алуучу, анын тапшырмасы боюнча салык төлөөчү андан же башка чет өлкөлүк субъекттен акча каражаттарын башка чет өлкөлүк субъекттин дарегине же анын дарегине кайра жиберген чет өлкөлүк жеке жак.
2. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзгөн субъект пайда салыгын төлөөчү боло албайт.
(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамынын редакциясына ылайык)