205-берене. Кош салык салууну четтетүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
VII БӨЛҮМ. КИРЕШЕ САЛЫГЫ›27-глава. Жеке жактардын айрым категорияларына салык салуунун өзгөчөлүктөрү
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 205-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Чет мамлекетте салык төлөөчү тарабынан төлөнгөн сумма Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин ортосунда түзүлгөн, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген кош салыктан качуу жөнүндө макулдашуу бар болсо, эгерде мындай кирешенин суммасы ушул макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салынууга тийиш болгон учурда, Кыргыз Республикасындагы салык кирешеси боюнча салыктык милдеттенмени эсептөөдө эске алынат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган эсепке алынуучу сумманын өлчөмү Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган ставкалар боюнча төлөнгөн салыктын суммасынан ашпоого тийиш.
3. Чет мамлекетте төлөнгөн киреше салыгынын суммасын эсепке алуунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.