201-берене. Салык агенти менен эмгек мамилесинде турбаган жеке жакка кирешелерди төлөп берүүдө салык агентинин салыктык милдеттенмеси
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
VII БӨЛҮМ. КИРЕШЕ САЛЫГЫ›26-глава. Салык агенти тарабынан киреше салыгы боюнча салык милдеттенмелеринин аткарылышы
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 201-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Аны менен эмгек мамилесинде турбаган жеке жакка кирешенин төлөнүшү салык агентинин киреше булагы катары мындай төлөмдүн суммасынан киреше салыгын төлөө милдеттенмесинин пайда болушуна алып келет, буга төмөнкү кирешелер кирбейт:
1) кыймылсыз мүлктү же транспорт каражаттарын сатып алууда төлөнгөн;
2) ушул бөлүмгө ылайык салык салынбай тургандарга кирген;
3) жеке ишкерге төлөнгөн;
4) патенттин негизинде жеке эмгек ишин жүзөгө ашыруучу жеке жакка төлөнгөн.
2. Салык агентине таандык, бирок аны менен эмгек мамилесинде турбаган, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка тапшырык берүү үчүн колдонулуучу салык агентинин маалыматтык тутумун пайдалануу менен иш жүргүзүүдөн жеке жак тарабынан алынган киреше салык агентинде киреше салыгын төлөө милдетинин пайда болушуна алып келет.
3. Баштапкы эсепке алуу документтери жок сатып алынган товарлары бар салык төлөөчүлөргө салык агенти катары киреше салыгын кармоо жана төлөө боюнча милдеттенме жайылтылбайт.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)