199-берене. Киреше салыгын эсептөө тартиби, төлөөнүн мөөнөтү жана орду
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
VII БӨЛҮМ. КИРЕШЕ САЛЫГЫ›25-глава. Киреше салыгынын ставкалары. Киреше салыгын эсептөө тартиби
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 199-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Киреше салыгын төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын берүү үчүн ушул Кодексте белгиленген датага чейин акыркы эсептөөлөрдү жүргүзөт жана киреше салыгын төлөйт. Киреше салыгынын акыркы суммасы, эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, эсептелген салыктын суммасы менен салык агенти кармап калган салыктын суммасынын ортосундагы айырма катары аныкталат.
2. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Киреше салыгы салык төлөөчүнүн эсепке алынган жана/же катталган орду боюнча төлөнөт.
(КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)