197-берене. Киреше салыгынын ставкалары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

VII БӨЛҮМ. КИРЕШЕ САЛЫГЫ›25-глава. Киреше салыгынын ставкалары. Киреше салыгын эсептөө тартиби

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 197-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, киреше салыгынын ставкасы 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

2. Киреше салыгынын ставкасы жалданма жумушчулар үчүн 5 пайыз өлчөмүндө белгиленет:

1) преференциялык чек арага чектеш калктуу конуштарда катталган жана ишин жүргүзгөн салык төлөөчүлөр;

2) ушул Кодекстин 183-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөр;

3) имараттарды, жайларды, жер участокторун тейлөөнү жана кайтарууну камсыз кылган кызматкерлерди кошпогондо, Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденти жана дирекциясы;

31) программалык камсыз кылуу продуктуларын иштеп чыгуу, киргизүү жана техникалык коштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик мекемелер, ошондой эле 51 пайыздан кем эмес мамлекеттик катышуу үлүшү бар уюмдар;

4) I же II топтогу майыптыгы барлар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын медициналык-социалдык эксперттик комиссиясы тарабынан белгиленген угуу боюнча III топтогу майыптыгы барлар.

21. Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк иш жүргүзгөн уюмдардын жалданма кызматкерлери жана жеке ишкерлер үчүн киреше салыгынын ставкасы 1 пайыз өлчөмүндө 2030-жылдын 1-январына чейин белгиленет.

3. Салык агентинин маалымат тутумун пайдалануу менен иш жүргүзгөн жеке жактар үчүн жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматтын кызмат көрсөтүүлөрүн заказ кылуу үчүн колдонулуучу киреше салыгынын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:

1) 1 пайыз - 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып 2027-жылдын 31-декабрын кошуп;

2) 2 пайыз - 2028-жылдын 1-январынан тартып 2029-жылдын 31-декабрын кошуп;

3) 5 пайыз - 2030-жылдын 1-январынан тартып.

4. Чет өлкөлүк жеке жак капиталдагы үлүшкө же ата мекендик уюмдагы башка катышуу үлүшүнө 5 жылдан көп ээлик кылган учурларды кошпогондо, чет өлкөлүк жеке жактын капиталдагы үлүшүн же ата мекендик уюмдагы башка катышуу үлүшүн сатуудан түшкөн Кыргыз Республикасындагы булактан алган кирешесине 10 пайыз өлчөмүндөгү ставка боюнча салык агентине салык салынууга тийиш.

Ушул Кодекстин 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, 183-беренесинин 4-бөлүгүнө, 240-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык салыктык жеңилдиктер берилген субъекттерге, ошондой эле Министрлер Кабинети менен салыктык жеңилдиктерди берүүнү караган инвестициялык макулдашууну түзгөн субъектке карата ушул бөлүктө каралган алып салуу берилген салыктык жеңилдиктерди пайдалануу аяктаган датадан кийинки датадан башталган мезгилге жайылтылат.";

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)