19-берене. Салыктык укук мамилелеринин катышуучулары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›1-глава. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 19-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

Салыктык укук мамилелеринин катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү деп таанылган субъект;

2) ушул Кодекске ылайык салык боюнча өкүл деп таанылган субъект;

3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

4) салык кызматынын органдары, бажы органдары;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

6) салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери ушул Кодекс менен жөнгө салынуучу башка жактар.