175-берене. Салыктык эсепке алуу жана салык төлөөчүнүн салык саясаты
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
VI БӨЛҮМ. САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН ОРГАНДАРЫНЫН ЧЕЧИМДЕРИНЕ, АЛАРДЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫНЫН АРАКЕТТЕРИНЕ ЖАНА/ЖЕ АРАКЕТСИЗДИГИНЕ ДАТТАНУУ›21-глава. Салыктык эсепке алуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 175-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Салыктык эсепке алуу ушул Кодекске ылайык салык төлөөчүнүн салык саясатында чагылдыруучу салык милдеттенмелерин эсептөө үчүн маалыматтарды жалпылоо тутумун билдирет.
2. Салык төлөөчүнүн салык саясаты салык төлөөчү тарабынан түзүлгөн документ болуп саналат, анда төмөнкүлөр белгиленет:
1) салык салуу элементтеринин курамы жана салыктык базасын эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү;
2) кирешелерди жана чыгашаларды салыктык эсепке алуу ыкмалары;
3) топтор боюнча негизги каражаттарды идентификациялоо тартиби;
4) салыктык амортизациянын ыкмалары;
5) эгерде салык төлөөчү ушул Кодекстин талаптарына ылайык өзүнчө эсепке алууну жүргүзүүгө милдеттүү болсо, өз-өзүнчө эсепке алууну жүргүзүү эрежелери;
6) салык төлөөчү тарабынан салык салынуучу жана/же бошотулган берүүлөрдү жүзөгө ашырууда эсепке алынууга тийиш болгон КНС суммасын аныктоо эрежелери;
7) акциз алынуучу чийки заттан акциз алынуучу товарды өндүрүүдө эсептен чыгарылууга тийиш болгон акциздин суммасын аныктоо эрежелери;
8) товарды өндүрүү процессинде чийки заттардын жана материалдардын калдыктарынын жана коромжуларынын технологиялык ченемдери;
9) баштапкы салыктык документтердин тизмеги;
10) салыктык эсепке алуунун регистрлери;
11) салык милдеттенмелерин эсептөөгө жана аткарууга тиешеси бар салыктык эсепке алуунун башка эрежелери жана ыкмалары.
3. Салык саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим календардык жылдын башынан тартып, ал эми Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын өзгөртүүдө - салык мыйзамдарына киргизилген мындай өзгөртүү күчүнө кирген күндөн эрте эмес колдонулат.
4. Эгерде ушул беренеде көрсөтүлгөн ыкмалар, тартип, эрежелер жана технологиялык ченемдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдары менен жөнгө салынбаса, анда салык төлөөчү товарларды өндүрүү процессинде ыкмаларды, тартиптерди, эрежелерди, ошондой эле калдыктардын технологиялык ченемдерин жана чийки заттар менен материалдардын коромжулугун салык саясатында белгилөөгө укуктуу.