168-берене. Салык төлөөчүнүн даттануусунун формасы жана мазмуну


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

VI БӨЛҮМ. САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН ОРГАНДАРЫНЫН ЧЕЧИМДЕРИНЕ, АЛАРДЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫНЫН АРАКЕТТЕРИНЕ ЖАНА/ЖЕ АРАКЕТСИЗДИГИНЕ ДАТТАНУУ›20-глава. Салык кызматынын органдарынын чечимдерине жана аракеттерине даттануунун тартиби

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 168-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Салык төлөөчүнүн даттануусу жазуу жүзүндө кол менен же заказды кат менен почта аркылуу же электрондук документ түрүндө салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу же электрондук кайрылуу түрүндө электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн арналган ыйгарым укуктуу салык органынын электрондук почтасынын расмий дарегине электрондук почта аркылуу берилет.

2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) даттанууну берген дата;

2) даттануу берилип жаткан салык кызматынын органынын аталышы;

3) даттанууну берген адамдын аты-жөнү же болбосо толук аталышы, анын жашаган жери (турган жери);

4) салык төлөөчүнүн ИСНи;

5) чечимине даттануу берилген салык кызматынын органынын аталышы;

6) даттануу берип жаткан салык төлөөчү өзүнүн талабын негиздеген жагдайлар жана бул жагдайларды ырастоочу далилдер;

7) тиркелүүчү документтердин тизмеги;

8) даттанылуучу чечимдердин реквизиттери;

9) даттанууну кароонун жыйынтыгын жөнөтүү үчүн дарек.

3. Даттанууда талаш-тартышты чечүү үчүн мааниси бар башка маалыматтар да көрсөтүлүшү мүмкүн.

4. Даттанууга салык төлөөчү кол коёт.

5. Даттанууга төмөнкүлөр тиркелет:

1) салыктык контролдун жыйынтыгы боюнча материалдардын жана актынын көчүрмөлөрү;

2) ал боюнча чечимдин көчүрмөсү;

3) салык төлөөчү өзүнүн талаптарын негиздеген жагдайларды ырастоочу, салык төлөөчү жана башка органдар тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтер;

4) ишке тиешеси бар башка документтер.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)