165-берене. Салык кызматынын органынын кызмат адамынын жоопкерчилиги


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

V БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК УКУК БУЗУУ ЖАНА АНЫ ЖАСАГАНДЫГЫ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК›19-глава. Салыктык укук бузуулардын түрлөрү жана аларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 165-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Салык кызматынын органынын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузууга күнөөлүү кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

2. Салык кызматынын органынын укукка каршы аракеттерди жана/же аракетсиздикти жасаган кызмат адамы анын күнөөсү сот тартибинде аныкталгандан кийин салык кызматынын органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.

3. Салык кызматынын органынын, же болбосо анын кызмат адамдарынын салык төлөөчүнүн укугун бузган мыйзамсыз аракеттеринин жана/же аракетсиздигинин натыйжасында, ошондой эле бул салык кызматынын органы же анын кызмат адамдары салык төлөөчүгө карата ушул Кодексте каралган милдеттерин талаптагыдай аткарбоосунун кесепетинен салык төлөөчүгө келтирилген чыгашанын орду ошол кызмат адамдары же салык кызматынын органдары тарабынан толтурулууга тийиш.