160-берене. Салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн салык санкциясы
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
V БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК УКУК БУЗУУ ЖАНА АНЫ ЖАСАГАНДЫГЫ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК›18-глава. Салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 160-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Салык санкциясы салыктык укук бузуу жасагандыгы, салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчилик чарасы болуп саналат.
2. Салык санкциясы ушул Кодексте каралган өлчөмдөгү акчалай жаза түрүндө белгиленет жана колдонулат.
3. Бир эле субъект эки же андан ашык салыктык укук бузуу жасаса, ушул Кодексте каралган салык санкциялары ар бир укук бузуу үчүн өз-өзүнчө, анча катуу эмес санкцияны кыйла катуу санкцияга алмаштырбастан өндүрүлөт.
4. Товарларды баштапкы документтери жок сатып алуу үчүн салык санкциясын колдонуу жөнүндө чечим салык кызматынын органы тарабынан кагаз жүзүндө кабыл алынат.
Башка учурларда салыктык санкция ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган тутуму аркылуу эсептелет.
5. Ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан учурда, салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн салык санкциясы Министрлер Кабинетинин чечими боюнча колдонулбайт.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 ,2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)