153-1-берене. Мобилдик уюлдук байланыш операторлору менен өз ара аракеттенүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
IV БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК КОНТРОЛЬ›17-глава. Салык кызматынын органдарынын башка субъекттер менен өз ара аракеттенүүсү
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 153-1-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
Мобилдүү уюлдук байланыш операторлору салык карызынын абалы, салыктык башкаруунун жүрүшүндө көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө салык төлөөчүлөргө кабарлоо максатында салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенишет.
Ушул беренени ишке ашыруу максатында:
1) мобилдик уюлдук байланыш операторлору акысыз негизде:
а) салык кызматынын органдарына абоненттин фамилиясы, аты, атасынын аты, абонент-юридикалык жактын толук аталышын, абоненттик номерлерин берет;
б) салык төлөөчүлөрдүн абоненттик номерлерине билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн салык кызматынын органдары менен техникалык өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
2) салык кызматынын органдары:
а) алынган маалыматтарды жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдү ушул берененин алкагында гана колдонот;
б) алынган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылышат.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)