152-1-берене. Салык кызматынын органдарынын уюмдар жана жеке жактар жөнүндө маалыматтары бар башка субъекттер менен өз ара аракеттенүүсү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
IV БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК КОНТРОЛЬ›17-глава. Салык кызматынын органдарынын башка субъекттер менен өз ара аракеттенүүсү
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 152-1-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Салык кызматынын органдары салыктык башкаруу максатында уюмдар жана жеке жактар жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн ушул главада каралбаган башка субъекттер менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.
2. Салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында субъекттер өздөрүнүн маалымат тутумдарын ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму менен интеграциялоого милдеттүү.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)