147-берене. Салык кызматынын органдарынын калкты жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органдар менен өз ара аракеттенүүсү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
IV БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК КОНТРОЛЬ›17-глава. Салык кызматынын органдарынын башка субъекттер менен өз ара аракеттенүүсү
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 147-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Салык кызматынын органдары калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо органы, калкты жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктар берилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү жана консулдук мекемеси менен өз ара аракеттенүүсүн жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо: төрөлүү, каза болуу, никеге туруу, никени бузуу, аты-жөнүн өзгөртүү жөнүндө маалыматты алуу аркылуу жүзөгө ашырат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында калкты жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча маалыматтык тутумду ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму менен Министрлер Кабинети аныктаган тартипте интеграциялоого милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)