138-берене. Баалоонун кыйыр усулдарын пайдалануу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
IV БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК КОНТРОЛЬ›16-глава. Айрым учурларда салыктык контроль жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 138-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Салык милдеттенмеси салык кызматынын органы тарабынан төмөнкү учурларда кыйыр усулдардын негизинде аныкталат:
1) калк менен накталай эсептешүү үчүн операцияларды эсепке алуу тартиби бузулганда;
2) баштапкы эсепке алуу документтери болбогондо;
3) көрсөткүчү салык төлөөчүнүн кабинетинде көрсөтүлгөн жалданма кызматкерлердин санынан ашкан жалданма кызматкерлердин иш жүзүндөгү санын жашыруу фактысы аныкталганда.
2. Салык милдеттенмесин эсептөөнүн кыйыр усулдарын колдонуу активдерди, милдеттенмелерди, жүгүртүүнү, сарптоолорду, чыгашаларды баалоонун жана/же Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте орнотулган салык постунун натыйжалары боюнча алынган маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат.
Жалданма кызматкерлер боюнча салык милдеттенмелерин эсептөөнүн кыйыр усулунда ушул Кодекстин 187-беренесине ылайык белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмү колдонулат.
(КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамынын редакциясына ылайык)