116-1-берене. Салык аудити
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
IV БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК КОНТРОЛЬ›12-глава. Салык органында каттоо. Бюджетке түшкөн каражаттарды эсепке алуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 116-1-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Салык аудитинин максаты болуп ушул Кодекстин 341-беренесинин 3-пунктунда белгиленген учурларда салыктардын бардык түрлөрү, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын салык төлөөчүнүн өз убагында жана толук аткаруусуна көмөк көрсөтүү саналат.
2. Салык аудитин жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Салык аудити салык төлөөчүнүн арызын алган учурда ушул аудитти жүргүзүү жөнүндө салык органынын жетекчиси кол койгон чечимдин жана жазма буйруктун негизинде салык органы тарабынан жүргүзүлөт.
4. Салык аудити аяктагандан кийин эки нускадан кем эмес санда корутунду түзүлөт, ага аудит жүргүзгөн кызмат адамынын колу коюлат жана салык органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
5. Салык аудитинин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечим чыгарылбайт:
1) салыкты, туумдарды эсептөө жана/же азайтуу жөнүндө;
2) салык төлөөчүнү салыктык укукту бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө.
6. Салык аудитинин корутундусун аткаруу салык төлөөчү үчүн ыктыярдуу болуп саналат.
7. Салык аудитин жүргүзүү жөнүндө чечимдин жана жазма буйруктун, ошондой эле корутундунун формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)