105-берене. Салык отчеттуулугун сактоо мөөнөтү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

III БӨЛҮМ. САЛЫК МИЛДЕТТЕНМЕСИ ЖАНА САЛЫК КАРЫЗЫ›11-глава. Салык отчеттуулугу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 105-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, салык төлөөчү же салык өкүлү, ошондой эле тиешелүү салык органы ушул Кодексте белгиленген салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде салык отчеттуулугун сактоого милдеттүү.

2. Салык төлөөчүнү кайра түзүүдө кайра түзүлгөн жак иштеген мезгили үчүн салык отчеттуулугун сактоо боюнча милдеттенме анын укук улантуучусуна жүктөлөт.

3. Мамлекеттик архивге тапшырылууга тийиш болгон документтерди кошпогондо, уюм жоюлганда салык отчеттуулугу салык төлөөчү тарабынан жок кылынышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)