929-статья. Милдеттүү камсыздандырууну ишке ашыруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
1. Милдеттүү камсыздандыруу камсыздандыруучу менен мындай камсыздандыруу милдети жүктөлгөн адамдын (камсыздандырылуучу) камсыздандыруу келишимин түзүү жолу менен жүргүзүлөт.
2. Милдеттүү камсыздандыруу камсыздандырылуучунун эсебинен жүргүзүлөт. Милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында милдеттүү камсыздандыруу үчүнчү жактардын эсебинен жүргүзүлө турган учурлар каралышы мүмкүн.
3. Милдеттүү камсыздандырууга тийиш болгон объектилер, камсыздандырууга тийиш болгон тобокелдер, камсыздандырылуучу катары милдеттенген адамдардын чөйрөсү, камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмү жана милдеттүү камсыздандыруунун башка негизги шарттары мыйзам менен аныкталат.
(КР 2026-жылдын 24-июлундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)