867-статья. Комплекстүү ишкердик лицензиясынын келишиминин түрлөрү жана аны каттоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IV БӨЛҮМ›44-Глава

1. Комплекстүү ишкердик лицензиясынын келишими жазуу түрүндө түзүлүүгө тийиш.

Келишимдин түрүн сактабоо анын анык эместигине алып келет.

2. Интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголуучу объектти пайдаланууга комплекстүү ишкердик лицензиянын келишими интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш. Бул талап сакталбаган учурда келишим жараксыз деп эсептелет.

Ушул талап лицензиясы мыйзамдарга ылайык милдеттүү түрдө катталууга тийиш болгон интеллектуалдык менчик объекттерине жайылтылат.

(КР 2000-жылдын 18-январындагы № 24, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)