770-статья. Эсептен акча каражатын чыгарып салуу үчүн негиздер


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IV БӨЛҮМ›37-Глава

1. Эсептен акча каражаты клиенттин буйругунун негизинде чыгарып салынат.

2. Эсепте турган акча каражаттарын кардардын тескөөсүсүз чыгарып салууга соттун чечими боюнча, ошондой эле мыйзамда же банк менен кардардын ортосундагы келишимде каралган учурларда жол берилет.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)