764-статья. Эсеп боюнча банк аткаруучу операциялар
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Банк, эгерде банк эсебинин келишиминде башкасы каралбаса, ушундай түрдөгү эсептер үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында жана банк тажрыйбасында, ишкер жүгүртүү салтында колдонулуучу эрежелерге ылайык операцияларды аткаруу менен эсепке келип түшкөн акча каражаттарын кабыл алып, эсепке кошууга жана клиенттин акча каражаттын которуу жана берүү жөнүндөгү буйругун аткарууга милдеттүү.
(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)