734-статья. Кредиттик келишим


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IV БӨЛҮМ›34-Глава

Кредиттик келишим боюнча кредитор (банк же банктык эмес башка финансы-кредиттик уюм (мындан ары - банк) карыз алуучуга акча каражаттарын (кредитти) кредиттик келишимде каралган өлчөмдө жана шарттарда берүүгө, ал эми карыз алуучу өзү алган акчалай сумманы кайтарып берүүгө жана ал боюнча проценттерди төлөөгө милдеттенет.

Керектөөчү кредиттик келишимин түзүүгө байланыштуу келип чыккан укуктук мамилелерге карата ушул параграфтын жоболору керектөөчү кредит чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)